Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мендебаиров: кино менен театрдын жарнамасын салыштырып болбойт

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жетекчиси Назым Мендебаиров. Архив
Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жетекчиси Назым Мендебаиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жетекчиси Назым Мендебаиров маянанын аздыгынан улам таланттуу жаштар чет жакка иштеп кетүүгө мажбур болуп жатканын айтты.
Мендебаиров: кино менен театрдын жарнамасын салыштырып болбойт

Театрдагы спектаклдерди жарнамалоого каражат жетишсиз. Бул тууралуу Назым Мендебаиров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк учурда театр менен кинонун жарнамасын салыштырууга болбойт.

"Салтка айлангандай "Манастын уулу Семетей" спектакли менен күзгү сезонду ачып алдык. Аталган чыгарма кыргыз драма театрынын базалык спектакли болуп эсептелип, жылдар өтсө да актуалдуулугун жоготпойт. Октябрь айынан тарта көрүүчүлөргө мыкты чыгармалар коюлуп келе жатат. Көп учурда театр менен кинонун жарнамасы бири-бирине салыштырылып келет. Бирок бул туура эмес. Репертуарда 18-20 спектакль болуп, тогуз ай коюлат. Тогуз ай жарнамалоого анча акча бөлүнүп берилбейт. Актерлорубуздун айлык маянасы аз болуп, аларга жеткиликтүү шарттар түзүлбөй жатса, жарнамалоого кайдан акча бөлүнмөк эле. Ушул айлыктын азынан таланттуу жаштар чет жакка иштеп кетүүгө мажбур болуп жатат", — деди Мендебаиров.

Ал Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын чыгармаларын элге тартуулоого суроо-талап көп болуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0