Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турганбаева: 9 айда 61 997 ымыркайга сүйүнчү пул чегерилди

© Sputnik / Асель АкматалиеваЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Айкөл Турганбаева. Архив
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Айкөл Турганбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Айкөл Турганбаева айрым ата-энелер сүйүнчү пул алуудан баш тартып коюшарын айтты.
Турганбаева: 9 айда 61 997 ымыркайга сүйүнчү пул чегерилди

Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча 61 997 ымыркайдын ата-энеси сүйүнчү пул алды. Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала божомолдоосу боюнча быйыл 159 миң баланын төрөлүшү күтүлгөн. Бул тууралуу Айкөл Турганбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жөлөк пул алуу үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, банктык реквизити жана ата-энесинин бирөөсүнүн арызы керек.

"Сүйүнчү пул алууда ата-эненин бирөө жашаган жери боюнча социалдык коргоо башкармалыгына керектүү документтерди тапшыруусу зарыл. Баланын күбөлүгү, ата-энесинин бирөөсүнүн атынан жазылган арыз жана банктык реквизиттери талап кылынат. Сүйүнчү пул бала төрөлгөн күндөн баштап, алты айга толгонго чейинки аралыкта берилет. Жаңыдан кирген долбоор болгондуктан, алгач мүчүлүштүктөр болуп жатты. Бирок азыр документтер тапшырылгандан тарта 2-7 күн аралыгында уюлдук телефонуна акча эсебине келгендиги тууралуу билдирүү келип түшөт. Быйыл тогуз айда республика боюнча 61 997 балага сүйүнчү акча чегерилди. Улуттук статистикалык комитет 2018-жылга берген божомолунда 159 миң баланын төрөлүшүн айткан. Бирок азырынча көрсөткүчтөр ушундай", — деди Турганбаева.

Ал ата-энелер сүйүнчү пулга документ тапшырууда паспортто катталган эмес, жашаган жеринин дарегин көрсөтүүсү керектигин кошумчалады. Турганбаеванын айтымында, айрым ата-энелер сүйүнчү пул алуудан баш тартып коет.

Жаңылыктар түрмөгү
0