Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рысбаев: аялдарга караганда эркектер стресске бат чалдыгат

© Sputnik / Асель АкматалиеваСаламаттык сактоо министрлигинин алдындагы урология боюнча республикалык илимий борборунун адиси Болот Рысбаев
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы урология боюнча республикалык илимий борборунун адиси Болот Рысбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы урология боюнча республикалык илимий борборунун адиси Болот Рысбаев эркектер кантип жашоосун узартса болорун айтып берди.
Рысбаев: аялдарга караганда эркектер стресске бат чалдыгат

Аялдарга караганда эркектер стресске бат чалдыгат. Бул тууралуу Болот Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, соңку кезде стресстик абалга туруксуз адамдар көбөйүп кетти.

"Ден соолукту кароо — ар бир жарандын колунда. Саламаттыкка көңүл буруп, туура тамактанууга өтүп, пайдалуу витаминдерди жесе, спорт менен такай машыкса жашоосу узарышы мүмкүн. Азыркы кезде стресске кабылган жарандар, өзгөчө эркектер көбөйүп кетти. Аялдарга караганда эркектер бул нерсеге бат чалдыгат. Андан сырткары, эркектердин жашын сексуалдык катнаш да узартат", — деди Рысбаев.

Ал чет жактан келген тамак-аштарды сатып алууда кылдат болуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0