20:09 28 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.6688
  • EUR96.0833
  • RUB1.0531

Мурзашев: тамактануучу жайлар берилген стикерлерди өзгөртсө болот

Радио
Кыскача шилтеме алуу
69 0 0

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев эл кафе-ресторандардын тышкы көрүнүшүнөн мурда анын санитардык абалына көңүл бурушу керектигин айтты.

Мурзашев: тамактануучу жайлар берилген стикерлерди өзгөртсө болот

Тамактануучу жайлар эгер сары (бир аз жакшыртуу керек), же кызыл (кыйла жакшыртуу керек) стикер алып калса, кийин адистерди кайра текшерүүгө чакыра алат. Эгер талаптарга жооп берген болсо жашыл (талаптарга туура келет) стикерди ала алат. Бул тууралуу Махамат Мурзашев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, текшерүү баракчасындагы суроолор аркылуу тамактануучу жайлардын санитардык абалы аныкталды.

"Бишкек шаарындагы жана Ысык-Көл жергесиндеги тамактануучу жайлардын көпчүлүгүнүн абалы начар болгондуктан кызыл жана сары стикерлерге ээ болду. Эми стикерге карап эл өзү чечим чыгарып, кайсы жерден тамактанса болорун аныктайт. Абалын жакшыртууну талап кылган кафе-ресторандардын кожоюндары эскертүүлөрдү аткарып, текшерүүгө кайра чакырып, жыйынтыгы жакшы болсо, стикерин өзгөртүп алса болот", — деди Мурзашев.

Ал текшерүү маалында тамак-ашка керек болгон азыктар тамактануучу жайга кандай жол менен жеткирилерине басым жасашканын кошумчалады.

Тема боюнча

Имакеев: кафе-ресторандардын көбү санитардык талапка жооп бербейт
Белгилер:
стикер, тамактануучу жайлар, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ