Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Куламбаева: мугалимдердин 80 пайызын аялдар түзөт

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-мэр Бишкека Асель Куламбаева
Вице-мэр Бишкека Асель Куламбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-мэр Асель Куламбаева социалдык багыттагы жумуштарда көбүнчө аялдар иштей тургандыгын айтты.
Куламбаева: мугалимдердин 80 пайызын аялдар түзөт

Эркектер көп учурда жетекчилик кызматтарды аркалап келгендиктен, социалдык тармакта иштегендердин басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Бул тууралуу Асель Куламбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мисалы мугалимдерди карай турган болсок, алардын 80 пайызы аялдар.

"Бүгүнкү күндө мектеп окуучуларынын тең жарымынан көбү кыздар. Алар эртеңки эне болгондуктан, жакшы тарбия берүү биздин милдетибиз. Статистикалык маалыматтарды карасак, социалдык багыттагы жумуштарда иштеген жарандардын көбү аялдар болуп эсептелет. Мисалы аялдар мугалимдердин 80 пайызын, ал эми бала бакчада иштеген тарбиячылардын 100 пайызын түзөт", — деди вице-мэр.

Ал ошондой эле Бишкек шаарындагы кыз-келиндер спорт менен активдүү машыгып келерин жана ага толук шарттар бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0