Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өзүбеков: туризмди өнүктүрүү үчүн 50 жыл алдыга ойлонуу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековИсполнительный директор ассоциации "Кыргыз туризм" Мырзабек Озубеков
Исполнительный директор ассоциации Кыргыз туризм Мырзабек Озубеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомчулукка негизделген кыргыз туризми ассоциациясынын аткаруучу директору Мырзабек Өзүбеков келечекте туристтер экологиялык жактан таза гана мамлекеттерге саякатап калышаарын айтты.
Өзүбеков: туризмди өнүктүрүү үчүн 50 жыл алдыга ойлонуу керек

Туризмди өнүктүрүү үчүн 50 жылдай алдыга ойлонолу. Биз туристтик багытта азыр өнүгүп жаткан айрым мамлекеттерди туурабашыбыз керек. Мындай пикирин Мырзабек Өзүбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, келечекте туристтер кооз инфраструктурага эмес, экологиясы таза шарттарга, нукура азыктарга кызыгуусу күчөйт.

"Туризмди өнүктүрүү үчүн биринчиден азыркы департаментти жок дегенде агенттиктин деңгээлине көтөрүү зарыл. Ошону менен бирге эле учурда туристтик жактан алдыга кетип бараткан мамлекеттерди үлгү кылып албашыбыз керек. Келечекти карап, 50 жылдай алдыга ойлонушубуз шарт. Анткени убакыттын өтүшү менен дүйнөдө нукуралуулуктун, табигыйлыктын баасы көтөрүлөт. Муну менен катар эле туристтер да экологиясы таза жактарга саякаттоого кызыгуусу күчөйт. Бул кадамдар учурда эле байкалып жатпайбы. Биз мына ушул жагын колго алып, туризмди өнүктүрсөк туура болот", — деди Өзүбеков.

Ал Кыргызстанга өзүнө гана таандык бренд керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0