Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүркулов: Кыргызстанда иш козголбогон бир да долбоор жок

Жазылуу
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов катачылыгын оңдоп койсо боло турган долбоорлорго иш козгоонун кереги жок деген пикирин айтты.
Өмүркулов: Кыргызстанда иш козголбогон бир да долбоор жок

Кыргызстанда иш козголбогон бир да долбоор калган жок. Мындай пикирин Иса Өмүркулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эл аралык, мамлекеттик деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашыраарда ошол тармактын адистерин гана жумушка тартып, аларга ишеним артуу зарыл.

"Учурда өлкөдө иш козголбогон долбоор калбай калды. Биз мындай адаттан арылышыбыз керек. Биринчиден бир долбоорду ишке ашырууда ошол тармактын чыныгы адистерин гана тартуу зарыл, экинчиден аларга ишеним артып, ишти толугу менен колдоруна берүү керек. Алар ката кетирген учурда да оңдоп койчу жаңылыштык болсо, иш козгоого жеткирбей эле оңдоп-түзөп койсок болот", — деди Өмүркулов.

Ал мындай туруксуздуктан алгач эле ишкерлер чөйрөсү жабыр тартаарын, өз кезегинде бул өлкө экономикасына олуттуу зыян алып келээрин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0