Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдуллабаева: айыл жергесинде күчтүү, ар тараптуу аялдар арбын

© Sputnik / Табылды КадырбековМолодежный режиссёр Жибек Абдуллабаева
Молодежный режиссёр Жибек Абдуллабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш режиссёр Жибек Абдуллабаева бул ийгилиги тасма айдыңында иштөөгө шыктандырганын айтты.
Абдуллабаева: айыл жергесинде күчтүү, ар тараптуу аялдар арбын

Түркиянын Стамбул шаарында өткөн III Түрк дүйнөсүнүн даректүү фильмдер фестивалына жалпы 140 тасма ат салышып, арасынан "Айымдын дүйнөсү" аттуу эмгек суурулуп чыгып, студенттик категория боюнча 3-орунду алды. Бул тууралуу Жибек Абдуллабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ийгилик алып келген тасма анын дипломдук иши болгон.

"Мындай кубанычтуу кабарды угуп абдан толкундандым. 140 тасманын ичинен менин эмгегимдин тандалып алынышын чоң жеңиш деп эсептейм. Тасма Баткен облусунда тартылып, анда 7 киши эмгектенди. Мүмкүн болушунча башкы каармандын ролундагы аялдын жан дүйнөсүн ачып берүүгө аракет жасадым. Айтайын деген оюм көрүүчүлөргө жетти деп ойлойм. Бирок тартуу учурунда кырдаалга жараша пландар өзгөрүп кеткен. Башкы каарманым болгон аялдын образын 100 пайыз болбосо да, 85 пайыз ачып бере алдым. Айыл жергесинде күчтүү, ар тараптуу аялдар арбын", — деди жаш режиссер.

Ал "Айымдын дүйнөсү" тасмасын үй-бүлөсүнүн колдоосу менен тарткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0