Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Солтобаев: Кырчын жайлоосунда 400дөй байыркы көрүстөндөр бар

© Sputnik / Жасмин МалашеваКыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев. Архив
Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев Кырчын жайлоосунда археологиялык казууларды жүргүзүү керектигин айтты.
Солтобаев: Кырчын жайлоосунда 400дөй байыркы көрүстөндөр бар

Кырчын жайлоосунда 400дөй байыркы көрүстөндөр жатат. Бул тууралуу Орозбек Солтобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган аймакты коргоого алып, археологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү керек.

"2016-жылы Көчмөндөр оюндары өткөрүлөөрдө Кырчын жайлоосунда тарыхый көрүстөндөр бар деп уюштуруучуларга, Маданият министрлигине кайрылганбыз. Бирок тилекке каршы, археологдорду эч ким уккан эмес. Биз көрүстөндөргө курулуш учурунда кандайдыр бир зыян келтирилбесе экен деп чочулаганбыз. Ал эми быйыл III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында башкы сахнанын курулуш иштери жүрүп жаткан жерден эки көрүстөн ачылып калган. Ал жактан жоокерлерге тийиштүү буюм, тайымдар табылган. Ошонун негизинде бул жерге аталган долбоор аяктаган соң илимий, археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлө турган болгон. Менин болжолдуу эсебимде Кырчында 400гө жакын көрүстөн бар. Илимпоздор кийинки жылдан баштап бул жерде илимий иштерди жүргүзүүгө белсенип жатабыз", — деди Солтобаев.

Ал аталган илимий иштерге азырынча мамлекет тарабынан каражат карала электигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0