Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадыров: Соң-Көлдө 80 миң тор суу астында жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКөз карандысыз серепчи Арстан Кадыров. Архив
Көз карандысыз серепчи Арстан Кадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз карандысыз серепчи Арстан Кадыров синтетикалык тор менен балык кармоодон Ысык-Көл жана Соң-Көл таштандыга толгонун айтты.
Кадыров: Соң-Көлдө 80 миң тор суу астында жатат

Соң-Көлдө 80 миң тор суу астында жатат. Ага түшкөн балыктар тонналаган таштандыга айланууда. Бул тууралуу Арстан Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балык уулоочулар синтетикалык торлорду сууга калтырып кете бергендиктен, ага балыктар жылдап түшүп отуруп, учурда аз кездешчү балыктар жок болуп кетүү коркунучунда турат.

"Кыргызстанда майда, чоң болуп жалпысынан 2000ге жакын көл бар. Алардын 40ка жакынына изилдөө жүргүзсөм баарында абал оор. Мисал катары Соң-Көлдү эле айтайын, азыр анда 80 миң синтетикалык тор чөгүп жатат. Ага жылдап топтолгон балыктар чирип, суу астындагы өсүмдүктөр да жапа чегүүдө. Мындан сырткары, келгин куштар демейде көлдүн жээгине конуп, тыныгып, балык кармап жеп, андан соң жолун улантат. Мурда Соң-Көлгө барсаң, түркүн куштун сайраганы угулуп турчу, азыр мындай көрүнүш жок. Себеби, балык кармайм деп синтетикалык торго түшүп канаттуулар да кырылып жатат", — деди Кадыров.

Ал синтетикалык тор менен балык кармоого тыюу салуу учурдун талабы экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0