Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турускулов: электрондук кайырмак менен балык уулоого тыюу салуу керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваЖогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Жыргалбек Турускулов. Архив
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Жыргалбек Турускулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Жыргалбек Турускулов 2017-жылы 915 браконьерлик жол менен балык кармоо катталса, анын 903 учурунда синтетикалык торлор колдонулганын айтты.
Турускулов: электрондук кайырмак менен балык уулоого тыюу салуу керек

Электрондук кайырмак менен балык уулоого тыюу салуу керек. Учурда бул да популярдуулукка ээ болуп баратат. Мындай пикирин Жыргалбек Турускулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү синтетикалык торду өлкө аймагына киргизүүгө, сатууга, аны менен балык кармоого тыюу салган мыйзам долбоорун даярдоодо.

"Балык чарба департаментине сурам жиберсем 2017-жылы 48 рейд жүргүзүлүп, браконьерлик жол менен балык кармоонун 915 учурун катталганын айтты. Алардын 903үндө синтетикалык тор колдонулган. Алар ачык эле сатыкта турат. Баасы да арзан болгондуктан браконьерлер сууга калтырып кете беришет. Синтетикалык тор 200 жылда да чирип жоголбойт экен. Тордун тешиктери кичинекей болуп, ага майда балыктар да түшүп калууда. Жыйынтыгында тонналаган балыктар суунун астында таштандыга айланып чирип, экологияга чоң зыян алып келип жатат. Мындан сырткары, балыктар да кырылып жок болууда. Ошондой эле акыркы учурларда электрондук кайырмактар да популярдуу болуп баратат. Буларга да тыюу салбасак, балыктарды аёосуз кырган курал экен", — деди Турускулов.

Ал аталган балык кармоочу каражаттарга мөөнөтсүз тыюу салуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0