Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ишенапысова: кызылча оорусу боюнча эпидемиялогиялык кырдаал туруктуу

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор Республиканского центра иммунопрофилактики при Министерстве здравоохранения КР Гульбара Ишенапысова
Директор Республиканского центра иммунопрофилактики при Министерстве здравоохранения КР Гульбара Ишенапысова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова бүгүнкү күндө кызылча оорусуна чалдыккан 400дөн ашык жаран катталганын айтты.
Ишенапысова: кызылча оорусу боюнча эпидемиялогиялык кырдаал туруктуу

Учурда өлкөдө кызамык оорусу боюнча эпидемиялогиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кызылча оорусуна чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда.

"Бүгүнкү күндө кызылча оорусуна чалдыккан 400дөн ашык жаран катталды. Алардын 40 пайызын бир жашка чейинки эмделбеген балдар түзөт. Жалпысынан алып караганда эпидемиялогиялык кырдаал туруктуу. Мындай учур бир гана биздин өлкөдө эмес бүтүндөй Европа өлкөлөрүндө катталууда. Кыргызстанда бул ооруга каршы вакцина жетиштүү. Бирок ал жаш балдар үчүн болгондуктан улуу муундагы жарандарга колдоно албайбыз. Чоңдор үчүн атайын 30 миң доза вакцина алдык. Эми аларды региондорго жеткиребиз", — деди Ишенапысова.

Адис эмдөө ооруну алдын ала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0