Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Усенов: коркуу сезимин психикалык оору катары көрбөй, өрчүтүп жиберебиз

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын башкы психиатры Кеңеш Усенов
Бишкек шаарынын башкы психиатры Кеңеш Усенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын башкы психиатры Кеңеш Усенов психикалык саламаттыкка көңүл буруу көптөгөн башка оорулардын алдын аларын айтты.
Усенов: коркуу сезимин психикалык оору катары көрбөй, өрчүтүп жиберебиз

Коркуу сезимин психикалык оору катары көрбөй, өрчүтүп жиберебиз. Аны убагында дарылоо керек. Бул тууралуу Кеңеш Усенов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, психикалык оорулардын эң кооптуусу деп аталган шизофрения менен дүйнөдө адамдардын бир пайызы жабыркайт.

"Психикалык жактан оорулуу десе эле коомчулуктун үрөйү учат. Бирок чынында ошол эле коркуу сезиминин пайда болушу же дайыма чөгүңкү маанайда жүрүүсү да психиканын жабыркагандыгынын белгиси болуп эсептелет. Биз ага көңүл бурбай жүрө берип өрчүтүп жиберебиз. Айрым адамдар лифтке түшкөндөн коркот, ошентсе да дарыгерге кайрылбай жүрө берет. Муну убагында дарылап жок кылуу зарыл. Учурда жүрөгүм ооруйт, башым ооруйт дегендер көп. Оорунун түп-тамыры жүрөктө же башта эмес, психикада жатат. Убагында көңүл бурбай жүрө берип, өтүшүп кеткен учурда башка органдарга терс таасирин тийгизет", — деди Усенов.

Ал бардык медицина тармагы сыяктуу эле жарандар өзүнүн психикалык саламаттыгын текшертип туруусу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0