Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ташматов: туристтик милициянын формасы иштелип чыкты

© Sputnik / Асель АкматалиеваМилиционер Борборбек Ташматов
Милиционер Борборбек Ташматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин өкүлү Борборбек Ташматов туристтик милицияга кабылучурда тандоо жүрүп жаткандыгын айтты.
Ташматов: туристтик милициянын формасы иштелип чыкты

Туристтик милициянын формасы иштелип чыкты. Ал ачык көк түстө болуп, бири шаарда кийип жүрүүгө, экинчиси тоо-ташка кийип чыгууга ылайыкташкан. Бул тууралуу Борборбек Ташматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, туристтик милициянын формасы эл аралык талаптарга жооп берет.

"Формада англис тилинде "Туристтик милиция" деген жазуусу бар, андан тышкары, төш белги жана ушундай эле жазуусу бар байлама колуна тагылат. Эки түрдүү форма тигилет. Бири шаар ичине кийүүгө ылайыкташса, экинчиси иш сапар менен тоо-ташка барганда кийилет. Экөөндө тең өздөрүнө туура келген баш кийимдери болот. Буттарына аскердик бут кийим (берцы) берилет. Бул форманы иштеп чыгууда эл аралык талаптар эске алынды. Мындай кийимчен милиция кызматкерин көргөндө бардык эле саякатчылар туристтик милиция экенин тааныйт", — деди Ташматов.

Ал туристтик милиция ушул жылдын соңунда иштеп баштай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0