04:46 15 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR78.8821
  • RUB1.0512
Лидер долбоорунун автору жана продюсери Талант Үсөнов
© Sputnik / Асель Акматалиева

Үсөнов: жаш футболчуларга мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
7210

"Лидер" долбоорунун автору жана продюсери Талант Үсөнов аталган долбоорго катышууга 3 000 баладан билдирүү келип, анын ичинен 100дөй жаш футболчу тандалып алынганын айтты.

Аймактардагы жаштар спорт менен машыгууга суусап турат. Мындай пикирин Талант Үсөнов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаш таланттуу балдардын саны арбын.

"Бизде мыкты, таланттуу футболчулар бар экен. Болгону аларга колдоо жетишпей келет. Ошондуктан биз "Лидер" социалдык долбоорун ишке ашырып, чымыны бар балдарды тарбиялап жатабыз. Биздин максат — аларга жол көрсөтүү жана талантын өстүрүү. Азыркы кезде футболдук беттештердин баары эле коммерциялык болсо, бизде эч кандай тыйын маселеси жок. Катышуучулар үчүн баары бекер", — деди Үсөнов.

Ал оюнчулардын футбол ойноп жатканын онлайн түрүндө чет элдик машыктыруучулар көрүп, өздөрүнүн командаларына чакырып калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Оюндардын жоктугу КР курамасынын FIFA рейтингине кандай таасир этет
Белгилер:
Спорт, Футбол, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ