Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асылбаева: ачууланганда агрессиянын кимге багытталганын аныкташ керек

© SputnikПсихолог Перизат Асылбекова
Психолог Перизат Асылбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Перизат Асылбаева адам эмоциясын психологиялык сабактар аркылуу тарбияласа болорун айтты.
Асылбаева: ачууланганда агрессиянын кимге багытталганын аныкташ керек

Адам ачууланган кезде биринчиден агрессиянын кимге багытталганын аныкташ керек. Бул тууралуу Перизат Асылбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы кезде адамдардын көбү стресстен чыгуунун жолдорун билбейт.

"Адам катуу ачууланганда ичинде топтолуп жүргөн агрессияны чыгарып алат. Башка жерде топтолгон агрессия ичине батпай калган учурда аны башка жерден, башка адамдарга чыгарып алуусу да толук мүмкүн. Мындай учурда биринчи кезекте адам агрессиянын кимге багытталганын аныктап чыгыш керек. Терс эмоцияларды — сезимдерди айтуу, себебин түшүндүрүү жана сурануу менен жок кылса болот. Мисалы баласы окуудан үйүнө кечигип келсе, дароо эле ага кыйкырып кирбей апасы ачууланганынын себебин жайыраак түшүндүрүшү абзел. Андан кийин кеч калган учурда эскертип коерун суранып, баланы жоопкерчиликтүү болууга үйрөтүү керек. Ошондо ачуусу келбей турганын айтыш керек", — деди психолог.

Ал учурда балдардын көбү түнт жана агрессивдүү болуп чоңойуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0