Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырбеков: динди интернет эмес, мамлекет үйрөтүшү керек

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель фонда "Ыйман" Нуржигит Кадырбеков
Руководитель фонда Ыйман Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков дин ыйман, адеп, ибадат маселелери өз-өзүнчө каралган чоң мектеп деген пикирин айтты.
Кадырбеков: динди интернет эмес, мамлекет үйрөтүшү керек

Динди интернет эмес, мамлекет үйрөтүшү керек. Мындай пикирин Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, светтик мамлекетти атеисттик өлкө деп түшүнүү — жаңылыштык.

"Ибадат башка, илим башка. Дин — бул өтө чоң илим. Анда адеп, ыйман, аманат, соода, үй-бүлө, айтор, бардык маселелер каралган. Алардын баарын билбей туруп эле беш убак намаз окуп койгону үчүн аалым болдум деп, чала билгенин таратып динди бузгандар болууда. Ошондуктан дин үйрөтүүнү мамлекет колго алганы туура. Адамдар дин боюнча илимди интернеттен албай, мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн бирдей программада окуп, үйрөнүшү зарыл", — деди Кадырбеков.

Ал дин боюнча илим алууну каалагандар муфтият сунуштаган аалымдарга кайрылуусу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0