Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Темиркулов: жашыл экономика — бир өлкөнүн эле эмес, дүйнөнүн көйгөйү

© Sputnik / Табылды КадырбековКөз карандысыз серепчи Азамат Темиркулов
Көз карандысыз серепчи Азамат Темиркулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз карандысыз серепчи Азамат Темиркулов Кыргызстан жашыл экономикага толук кандуу өтөрүнө дагы 5-10 жыл бар экенин айтты.
Темиркулов: жашыл экономика — бир өлкөнүн эле эмес, дүйнөнүн көйгөйү

Жашыл экономика — айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбеген экономиканын түрү. Ошондуктан Кыргызстан да буга өтүшү керек. Мындай пикирин Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосунун  "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өнүккөн мамлекеттер алда качан эле жашыл экономикага өткөн.

"Жашыл экономика айлана-чөйрөгө пайда гана алып келет. Муну өнүккөн өлкөлөр практика жүзүндө көрсөтүп, далилдеп бере алды. 1970-жылдарда жаралган бул теория бара-бара 50 жылдан кийин иш жүзүнө ашырыла баштаган. Азыркы кезде Батыш Европа жашыл экономикага өтүп, жаратылышын сактоого алгылыктуу иш-аракеттерди көрүп жатат. Жашыл экономика — бир эле мамлекеттин эмес, бүтүндөй жер жүзүнүн көйгөйү", — деди серепчи.

Ал жаратылыш жок болсо жашоо токтоп, учурда көпчүлүк басым жасаган саясат менен да эч кимдин иши болбой каларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0