Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадыров: БУУда алгачкы жолу кургак учук оорусун жок кылуу маселеси каралды

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров. Архив
Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров Кыргызстанда 2001-жылы кургак учук оорусунун эң жогорку көрсөткүчү болгонун айтты.
Кадыров: БУУда алгачкы жолу кургак учук оорусун жок кылуу маселеси каралды

Учурда Кыргызстанда кургак учук оорусу стабилдүүлүктү сактап турат. Бирок дүйнө жүзүндө бул ооруну жок кылуу жаатында олуттуу кадамдар таштала баштады. Бул тууралуу Абдуллаат Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, БУУда алгачкы жолу аталган ооруну жок кылуу маселеси каралган. Белгилей кетсек, маанилүү иш-чарага Кадыров өзү жана кесиптештери катышкан.

"26-октябрда Нью-Йоркто БУУнун башкы ассамблеясында биринчи жолу кургак учук оорусун жок кылууга кадамдар ташталды. Ага 150 өлкөдөн мамлекет башчылары, ар кандай уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйындын максаты аталган ооруга дүйнө жүзүндөгү жетекчилердин көңүлүн буруп, олуттуу мамиле жасап, бул ооруну жол кылууга чакыруу болду. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун эки чоң максаты бар. Биринчиси — 2030-жылга чейин кургак учук оорусунун эпиядемиясынан арылуу, экинчиси — 2050-жылы кургак учук оорусун жер жүзүндө оору катары жок кылуу", — деди Кадыров.

Ал азыркы кезде бүткүл дүйнө жүзү кургак учук оорусу менен алышып жатканын кошмумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0