Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Саркулов: унааңызды эвакуатор алып кетсе 2370 сом төлөшүңүз керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗаместитель начальника ГУПМ МВД КР Ыманалы Саркулов
Заместитель начальника ГУПМ МВД КР Ыманалы Саркулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ ЖКККББсынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов автоунаалар мыйзамсыз жерге токтотулуп, эвакуацияланганда айдоочу 2370 сом төлөшү керектигин айтты.
Саркулов: унааңызды эвакуатор алып кетсе 2370 сом төлөшүңүз керек

Унааны мажбурлап эвакуациялоону ИИМ эмес "Портал ГРУПП" компаниясы жүргүзөт. Бул тууралуу Иманалы Саркулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

"Унааларды мажбурлап эвакуациялоо иштерин ИИМ эмес, "Портал Групп" компаниясы ишке ашырат. Бул боюнча атайын ачык конкурс өткөрүлүп, аталган компания утуп алган. Эвакуацияланган автону унаа токтотуучу жайдан алып кетиш үчүн 2370 сом төлөө керек. Анын 1000 сому айып акчасы болсо, 20 сом банктын кызматына алынат, ал эми 1350 сому эвакуация иштерин жүргүзгөн компаниянын эсебине кетет. Төлөмдөрдү жүргүзүү монополияга каршы агенттигинин көзөмөлүнө алынган", — деди Саркулов.

Ал бардык айдоочуларды эреже сактоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0