Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Касымова: 60 мектепте электрондук китепкана иштеп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Нурзида Касымова
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Нурзида Касымова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Нурзида Касымова мугалимдер сапаттуу билим берүүгө басым жаcап жатканын айтты.
Касымова: 60 мектепте электрондук китепкана иштеп жатат

Учурда республика боюнча 60 мектепте электрондук китепкана иштеп жатат. Бул тууралуу Нурзида Касымова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, билим берүү системасы замандын талабына ылайыкташтырылып жаткандыктан мугалимдер үчүн да билимин жогорулатуу максатында иш-аракеттер көрүлүп турат.

"Учурда ар бир мугалим замандын талабына жараша интернет менен иштей билүүсү кажет. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 60 мектепте электрондук китепкана иштеп жатат. Окутуу усулдарынын жаңылануусу менен биргеликте мугалимдердин да билимин жогорулатууга аракеттер көрүлүүдө. Анткени, замандан артта калбаган муунду тарбиялап чыгуудан мурда окутуучулар өздөрү замандан артта калбаган болууга тийиш", — деди Касымова.

Ал эфир соңунда жалпы мугалимдерди бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0