14:50 05 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.9200
  • EUR82.8348
  • RUB1.0711

Баатырбеков: "Кыргызстан" партиясы КСДПнын клону дегендер жаңылат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
327 0 0

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Асылбек Жээнбеков кийинки парламенттик шайлоого алардын партиясынын атынан катышпай турганын айтты.

Баатырбеков: "Кыргызстан" партиясы КСДПнын клону дегендер жаңылат

Бизди КСДПнын клону дегендерге жооп берейин. Бул шайлоо учурунда партияны каралоо максатында гана пайда болгон маалымат. Биз өз алдынча түзүлгөн партиябыз. Бул тууралуу Алмазбек Баатырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Асылбек Жээнбеков 2020-жылкы парламенттик шайлоого "Кыргызстан" партиясынын атынан катышат деген маалыматтар чындыкка коошпойт.

"Биз 120дан ашуун талапкерибиз менен өз алдынча чыккан партиябыз. Учурда фракцияда 18 депутат отурат, бардыгынын өз жеке ою бар. Биз эч кандай КСДП партиясынын клону эмеспиз. Бул шайлоо учурунда бизди каралоо максатында гана чыккан маалымат деп түшүнөм. Учурда өзүбүздүн программабызга, уставдарга ылайык иштеп жатабыз. Алдыда боло турчу парламенттик шайлоого да барабыз, бирок тандем түзүп башка бир партия менен кошулабызбы же өз алдынча аттанабызбы азырынча белгисиз. Анан да Асылбек Жээнбеков ушул партиянын атынан VII чакырылыштагы шайлоого катышат экен деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Асылбек Шарипович КСДПнын мүчөсү. Алдыдагы шайлоого кимдер менен барат, кандай кылат биз билбейбиз", — деди Баатырбеков.

Ал ошондой эле учурда коомчулукта өзүн-өзү серепчи атагандар көбөйүп кеткендигин жана алар элге такталбаган маалыматтарды таратып жаткандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Турускулов: аким, губернаторлорду жоюп салуу керек
Белгилер:
ушак, эл, депутаттар, саясий партиялар, Алмазбек Баатырбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ