Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Муратов: бейтапканаларды оптималдаштыруу элге зыянын тийгизбейт

© SputnikИ.о. директора объединенного ЦСМ Свердловского района города Памира Муратова
И.о. директора объединенного ЦСМ Свердловского района города Памира Муратова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Свердлов районунун бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун милдетин аткаруучу Памир Муратов Бишкек шаарында 19 үй-бүлөлүк дарыгер борбору иштеп жатканын айтты.
Муратов: бейтапканаларды оптималдаштыруу элге зыянын тийгизбейт

Бишкекте бейтапканалардын оптималдаштырылуусу элге зыянын тийгизбейт. Бул тууралуу Памир Муратов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаардагы бейтапканаларды оптималдаштыруу менен 10 миллион сомду үнөмдөп, ага жаңы поликлиника ачса болот.

"Жакшылап байкасак 19 үй-бүлөлүк медицина борбору биринин жумушун бири кайталай берет экен. Ошондуктан кереги жок штаттарды кыскартуу каралып жатат. Бейтапканалар оптималдаштырылат десе, кээ бир жарандар туура эмес түшүнүп кабатыр болууда. Бул нерсенин жарандарга тийгизе турган зыяны жок. Бейтаптар ошол эле дарыгерлерге барып кайрыла берет. Болгону үй-бүлөлүк борборлордун башкармалык жаатында иштеген кызматкерлерди кыскартуу каралууда. Мындан улам 10 миллион сом каражат үнөмдөлүп, ага жаңы поликлиника ачып же болбосо иштеп жаткан дарыгерлердин айлык маянасын жогорулатсак болот", — деди Муратов.

Ал ошондой эле 2015-жылы Ош шаарында ушундай кыскартуулар болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0