Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алижанов: үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 235 кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный инспектор службы общественной безопасности МВД Таалайбек Алижанов
Главный инспектор службы общественной безопасности МВД Таалайбек Алижанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башкы тескөөчүсү, милициянын полковниги Таалайбек Алижанов үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан көрсөтүлгөн зомбулук фактылары өткөн жылы да ушундай көрсөткүчтө болгонун айтты.
Алижанов: үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 235 кылмыш иши козголду

Соңку сегиз айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 235 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Таалайбек Алижанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай кылмыштар боюнча Чүй облусу алдыда турат.

"2018-жылдын 8 айына алынган маалыматтар боюнча үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 235 кылмыш иши катталды. Алсак Бишкек шаарында 39, Ош шаарында жети, Чүй облусунда 103, Нарын аймагында беш, Ош облусунда 39, Жалал-Абадда 27, Таласта 5, Баткенде 6 учур болду", — деди ал.

Таалайбек Алижанов зордук-зумбулукту болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери маал-маалы менен жүрүп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0