Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаев: прокурорлор тергөөчүлөрдүн ишин бирдиктүү реестр аркылуу көзөмөлдөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековБашкы прокуратуранын укуктук статистикалык жана эсепке алуу башкармалыгынын прокурору Саламат Исаев
Башкы прокуратуранын укуктук статистикалык жана эсепке алуу башкармалыгынын прокурору Саламат Исаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратуранын укуктук статистикалык жана эсепке алуу башкармалыгынын прокурору Саламат Исаев бирдиктүү реестр ишке кирсе коррупцияга бөгөт коюларын айтты.
Исаев: прокурорлор тергөөчүлөрдүн ишин мобилдик тиркеме аркылуу көзөмөлдөйт

Тергөөчүлөрдү прокурорлор көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк жаралат. Мунун бардыгы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестр аркылуу ишке ашат. Бул тууралуу Саламат Исаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бирдиктүү реестр сайт аркылуу ишке ашат.

"2017-жылы кылмыш жана жазык процесуалдык жаңы кодекстер кабыл алынган. Кодекстин негизги талабы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин тузүп, 2019-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизүү болгон. Учурда бул талап ишке ашуу алдында турат. Буйруса аталган мөөнөттө бирдиктүү реестр өз ишин баштайт. Ал аркылуу жарандар тергөө иштери тууралуу телефонго көчүрүлгөн тиркемеден эле маалымат ала алышса, тергөөчүлөрдүн иши прокурорлорго ачык болуп, көзөмөлдөөгө шарт түзүлөт. Кайсы жерден тергөөчү мыйзамга дал келбеген иш жасаганы, айтор, баары көрүнүп турат. Документтерди көрүү мүмкүнчүлүгү жарандарга башка, укук коргоо, тартип сакчыларына башка деңгээлде берилет", — деди Исаев.

Ал бирдиктүү реестрдин иши тиешелүү башка мекемелер тарабынан да көзөмөлдө болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0