Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шабданбаев: тергөө иштери жөнүндө үйдөн маалымат алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБашкы прокуратуранын укуктук статистикалык жана эсепке алуу башкармалыгынын башкы адиси Туратбек Шабданбаев
Башкы прокуратуранын укуктук статистикалык жана эсепке алуу башкармалыгынын башкы адиси Туратбек Шабданбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратуранын укуктук статистикалык жана эсепке алуу башкармалыгынын башкы адиси Туратбек Шабданбаев кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри түзүлөрүн айтты.
Шабданбаев: тергөө иштери жөнүндө үйдөн маалымат алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт

Жарандар тергөө иштери тууралуу үйдө отуруп алып эле маалымат ала беришет. Ал үчүн атайын тиркемени телефондоруна жүктөп алуу жетиштүү болот. Бул тууралуу Туратбек Шабданбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган реестр 2019-жылдын январынан баштап ишке кирет.

"Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри ишке киргенде биринчи кезекте жарандарга жеңилдик түзүлөт. Алар мурдагыдай болуп мекемелерге өздөрү барып, тергөөчүм ким эле, анан менин ишим эмне болуп жатат, тергөө иштери кайсы баскычка жетип калды деп сурап отурбайт. Эч кимге телефон чалып убара болушпайт. Баары ачык болот. Болгону тиешелүү тиркемени телефондоруна жүктөп, талон алышат. Берилген талондогу QR кодду киргизүү менен өзүнө керектүү тергөө иши тууралуу маалыматты ала алышат", — деди Шабданбаев.

Ал бирдиктүү реестрге кирүүдө ар бир кызматкер же жаранга өз-өзүнчө кирүү мүмкүнчүлүгү берилгендиктен, бирөөнүн маалыматы башкаларга жабык болоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0