Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мукамбетов: пенсиянын аз же көп болуусу түздөн-түз айлык акыга байланыштуу

© Фото / Адилет АбдылдаевСоциалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалагынын башчысы Жеңишбек Мукамбето
Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалагынын башчысы Жеңишбек Мукамбето - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалагынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов пенсия бөлүштүрүүдө бардыгы мыйзам чегинде гана аткарыларын айтты.
Мукамбетов: пенсиянын аз же көп болуусу түздөн-түз айлык акыга байланыштуу

Пенсиянын аз же көп болуусу түздөн-түз айлык акыга байланыштуу. Кыргызстанда система ушундай. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда пенсиянын эң аз базалык төлөмү 1780 сомду түзөт.

"Социалдык фонд бирөөгө аз пенсия чегерип, экинчи жаранга көп пенсия төлөбөйт. Баары мыйзам чегинде жасалат. Эгер аял киши болсо жаш 58 жашында, эркектер 63 жаштан тарта пенсияга чыгат. 20 жылдык эмгек стажы жана бардык төлөмдөр учурунда төлөнгөн болсо пенсиясынын базалык бөлүгү 1780 сомду түзөт. Ал эми стажы 10 эле жыл болуп жетпей калса анда базалык бөлүктүн жарымы эле чыгып калат. Башкача айтканда бизде пенсиялык система түздөн-түз айлык акыга байланыштуу", — деди Мукамбетов.

Ал пенсиялык төлөмдөрдө ар кайсы мамлекеттин системасы ар башка болгондуктан, бири-бирине салыштыруу туура эмес экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0