Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыжапаров: коомдук саясий котормодо маселе көп

© Sputnik / Табылды КадырбековПредставитель Нацкомиссии по госязыку Мундузбек Абдыжапаров
Представитель Нацкомиссии по госязыку Мундузбек Абдыжапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил комиссиясынын котормолор бөлүмүнүн башкы адиси Мундузбек Абдыжапаров котормо жанрдык жактан экиге бөлүнөрүн айтты. Алар: көркөм жана коомдук саясий котормолор.
Абдыжапаров: коомдук саясий котормодо маселе көп

Көркөм котормолор СССР доорунда эле бир нукка салынган болсо, ал эми коомдук саясий котормодо бүгүнкү күнгө чейин бир топ көйгөйлүү маселелер орун алган. Бул тууралуу Мундузбек Абдыжапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коомдук саясий котормочулук тактыкты талап кылат.

"Котормочулук адабияттын орчундуу бөлүгү. Мамлекеттик тил комиссиясы мамлекеттик документтер, коомдук саясий котормолор менен иш алып барып, аларга басым жасап келет. 2014-2020-жылдарда КРдин мамлекеттик тилин жана тил саясатын өнүктүрүү боюнча атайын программа кабыл алынган. Анын алкагында котормо сөздүктөрдү чыгаруу иши каралган. Көркөм котормолор советтер союзунда эле бир калыпка түшүп калган. Биздеги көйгөй коомдук саясий котормодо болуп жатат. Анын үстүндө көп иштеш керек, анткени ал өтө тактыкты талап кылат", — деди Абдыжапаров.

Башкы адис көркөм котормодо автордун бере турган оюн окуй турган улутка жараша бере берсе болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0