Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматов: өкмөттүн бат-бат алмашканынан биринчи кезекте ишкерлер жабыркайт

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент союза предпринимателей и ювелиров КР Сталбек Акматов
Президент союза предпринимателей и ювелиров КР Сталбек Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Сталбек Акматов бизнес жаатында бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар бар экенин айтты.
Акматов: өкмөттүн бат-бат алмашканынан биринчи кезекте ишкерлер жабыркайт

Өкмөттүн бат-бат алмашканынан биринчи кезекте ишкерлер жабыркайт жана өлкө экономикасы да олуттуу зыян тартат. Мындай пикирин Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекет ишкерлик боюнча мыйзамдарды жеңилдетип гана койбостон, алардын аткарылышына да дыкат көңүл буруусу керек.

"Ишкерлер өкмөттүн бат-бат алмашканынан жабыркап келет. Бизде кеткен өкмөттүн ишин кийинкиси улантпагандыктан, баарын кайрадан баштоого туура келет. Мыйзамдар да ушул сыяктуу эле ар өкмөттүн тушунда түрдүү болуп өзгөрө берет. Ишкер бизнес баштаса, бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар чыга келет. Башка мамлекеттерде ишкер мыйзамды бузса, же коопсуздук эрежесин сактабай кырсыкка учураса аны текшерген мамлекеттик органдын адиси да жазаланат. Бизге да ушундай системаны киргизсек коррупция жоюлмак", — деди Акматов.

Ал ошондой эле ишкерлер да келечекти ойлоп, чын ниети менен бизнес жүргүзүшү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0