Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асаналиев: тил нормаларын бузгандарга чара көрүш керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваЖазуучулар союзунун мүчөсү, акын, котормочу Мукан Асаналиев
Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, котормочу Мукан Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, котормочу Мукан Асаналиев Бишкек шаарында илинген көрнөк-жарнактардын көбү начар которулганын айтты.
Асаналиев: тил нормаларын бузгандарга чара көрүш керек

Кыргыз тилинин нормаларын бузган жарандарга чара көрүп, айып пул салыш керек. Бул тууралуу Мукан Асаналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тилиндеги жарнамалар Мамлекеттик тил комиссиясынын уруксаты менен гана илиниши керек.

"Бишкек шаары Кыргызстандын борбору болгондуктан анда илинген көрнөк-жарнактардын которулушуна өзгөчө маани берилиши керек. Алардын баары тил комиссиясынын алдынан өтүп, текшерилип, уруксат бергенден кийин гана коомчулукка жарыяланышы зарыл. Учурда ар кайсы жерге ар кандай жарнамалар илине берет же аны текшерген бир киши жок. Чет тилде илинген көрнөк-жарнактарды көрүп, туристтер күлүп жатат. Жарнама кайсы тилде болбосун туура жазылышы керек да. Ал эми кыргыз тилинин нормаларын бузгандарга сөзсүз чара көрүлүшү шарт. Бул нерсе айып пул салмайынча оңолбойт", — деди Асаналиев.

Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев тил маселеси 23-сентябрда гана каралбаш керектигин айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0