00:12 21 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.4170
  • RUB1.0958

Исмаилов: кыргызстандык IT адистердин билими күчтүү

Радио
Кыскача шилтеме алуу
154 0 0

Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов аталган ишкана буюртмалардын дээрлик 80 пайызын чет мамлекеттерден аларын айтты.

Кыргызстандык IT адистердин билими күчтүү. Анткени алар биздеги билим берүү системасына алымсынбай, өз алдынча окуп, үйрөнүп турушат. Мындай пикирин Алтынбек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө аймагында IT адистери жетишсиз.

"Бизде компьютердик программаларды түзүү багытында билим берүү системасы эски. Анын кесепетинен бул кесипти тандап, окууга келген балдардын 50 пайызга жакыны окуусун бүтүрбөй, таштап салууда. Учурда IT адистеринин жетишсиздиги бар. Ошого карабай жергиликтүү программисттер күчтүү деп эсептелет. Биздин Жогорку технологиялар паркы буюртмалардын 80 пайызын чет мамлекеттерден алабыз. Демек бул биздин адистерибиздин мыктылыгынан кабар берет. Алар бир гана окуу жайлардан алган билими менен чектелип калбай, ар дайым жаңы нерселерди өз алдынча окуп, үйрөнүп турган адистер", — деди Исмаилов.

Ал учурда Жогорку технологиялар паркы 40тан ашуун ишканалар менен иштешип жаткандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Сайназаров: жаштарды тоо-кен жана IT тармагындагы адистиктерди алууга чакырам
Белгилер:
Өнүгүү, адистер, IT компаниялары, Алтынбек Исмаилов

ЭҢ МААНИЛҮҮ