Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекбалаева: аял тарткан тасма таасирдүү болот

© Sputnik / Асель АкматалиеваКиносценарист Айзада Бекбалаева
Киносценарист Айзада Бекбалаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киносценарист Айзада Бекбалаева тасма тартуу аянтында "эркек" жана "аял" деп бөлүнүү туура эместигин айтты.
Бекбалаева: аял тарткан тасма таасирдүү болот

Тасма тартуу учурунда аял болобу, эркек болобу өзүнө бөлүнгөн жумушту жасаш керек. Аялдар дагы мыкты тасма жаратса болот. Мындай пикирин Айзада Бекбалаева Sputnik Кыргызстан радиосунун  эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аял тарткан тасма таасирдүү болот.

"Кино жаратууда бул аялдын, бул эркектин иши деп бөлбөй, ар бири өзүнө тиешелүү жумуштарды жасашы керек. Анткени бул жумуш, кызмат. Тасма тартуу жаатында аялдар да кесибинин мыктысы экенин далилдей алат. Аялдар бул дүйнөнү эркекке караганда башкача көрүп, башкача сезип, бир окуяны тасмага дагы да жеткиликтүү түшүрө алат", — деди Бекбалаева.

Ал кино жаратуу үчүн алгач билим жана көз караш керек экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0