Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагинбаева: керектүү аппараттарды өз алдыбызча алганга мыйзам жол бербейт

© Sputnik / Асель АкматалиеваУлуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева
Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева медицина багытындагы айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилсе бейтапканалардын каржы маселеси бир топ жеңилдеп калаарын айтты.
Сагинбаева: керектүү аппараттарды өз алдыбызча алганга мыйзам жол бербейт

Керектүү аппараттарды өз алдыбызча сатып алганга мыйзам жол бербейт. Бул тууралуу Динара Сагинбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Улуттук госпитал жабдууларды лизингге ала алмак.

"Кыргызстанда күчтүү дарыгерлер бар, биздин Улуттук госпиталда да академик, профессор, бир нече илимдин кандидаттары жана таланттуу дарыгерлер иштейт. Бирок бир гана медициналык курамдын мыктылыгы тармакты күчтүү кыла албайт экен. Заманбап жабдуулардын жетишсиздиги дарыгерлердин жогорку деңгээлде иш алып баруусуна тоскоолдук жаратат. Бизге аппараттарды лизинг аркылуу 2-3 жылга алууну сунушташат, бирок биз мамлекеттик мекеме болгондуктан өз алдынча мындай кадамдарга бара албайбыз. Бизге өкмөт же финансы министрлигинен кепилдик керек болот. Эгер айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, бул кадамдарды жеңилдетсек, өлкөдө медицина тармагы бир топ өнүгөт эле деп ойлойм", — деди Сагинбаева.

Ал бул маселелер Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан да буга чейин көтөрулүп келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0