Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: кыргызстандыктар жылына 1000дей баланы асырап алат

© Фото / Таалай ИсмаиловГлавный специалист Управления по защите семьи и детей Министерства труда и социального развития Гулзина Бообекова
Главный специалист Управления по защите семьи и детей Министерства труда и социального развития Гулзина Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова атайын кызматкерлер багып алынган балдардан үч жыл бою кабар алып турарын айтты.
Бообекова: кыргызстандыктар жылына 1000дей баланы асырап алат

Кыргызстандыктар 2017-жылы жалпы жонунан 718 баланы асырап алды. Бул тууралуу Гүлзина Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын жарым жылдыгында 351 бала багып алынган.

"Негизи жыл сайын 1000дей баланы КР жарандары асырап алат. Мисалы 2017-жылдын маалыматына таянсак, жалпы 718 бала соттун чечими менен багып алууга берилген. Ал эми 2018-жылдын жарым жылдыгында эле 351 бала багып алынган", — деди Бообекова.

Ал ошондой эле тааныштарынын жана туугандарынын баласын багып алган учурлар статистикалык маалыматтарга кошулбай турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0