Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматов: дарыгерлерге аймактарга барып кызмат көрсөткөнү үчүн акы төлөнбөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук госпиталдын тез пландоо жана консультативдик медициналык жардам бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Акматов
Улуттук госпиталдын тез пландоо жана консультативдик медициналык жардам бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын тез пландоо жана консультативдик медициналык жардам бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Акматов аталган бөлүм аймактарга медициналык жардам берүү үчүн түзүлгөнүн айтты.
Акматов: дарыгерлерге аймактарга барып кызмат көрсөткөнү үчүн акы төлөнбөйт

Дарыгерлерге санавиациялык кызмат көрсөткөндүгү үчүн акы төлөнбөйт. Бул тууралу Нарынбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, зарыл учурда аймактарга барып операция жасап же көмөк көрсөткөндүгү үчүн дарыгерлерге 2012-жылга чейин кошумча акча төлөнүп берилчү.

"Биздин бөлүм элге "санавиация" деген ат менен белгилүү. Мурда карамагыбызда тик учак, учактар болгон. Алар жарактан чыккан соң, учурда заманбап автоунаалар менен каттайбыз. Биздин милдет алыскы аймактарда тиешелүү дарыгерлер жок болуп калган кезде, бейтаптын абалы оорлоп борборго келе албаса, же күтүлбөгөн кырсыктан улам зарыл операция жасоо талап кылынса барып, жеринде иштейбиз. 2012-жылга чейин дарыгерлерге бул кызматы үчүн кадимки айлык акысындай эле каражат төлөнчү. Учурда ал акчаны кыскартып салышкан. Башкача айтканда, дарыгер канчалаган саат жол жүрүп, оор операцияны жасап келгени үчүн эч кандай акы албайт", — деди Акматов.

Ал учурда бул боюнча саламаттыкты сактоо министрлигинде маселе көтөрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0