Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кабылбек кызы: марафонго катышчулар сайт аркылуу катталса болот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Күз деми" марафонунун уюштуруучусу Зина Кабылбек кызы. Архив
Күз деми марафонунун уюштуруучусу Зина Кабылбек кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Күз деми" марафонунун уюштуруучусу Зина Кабылбек кызы быйыл алгачкы жолу 41 чакырым аралыкка чуркоо каралганын айтты.
Кабылбек кызы: марафонго катышчулар сайт аркылуу катталса болот

Марафонго катышууну каалагандар www.tonus.kg сайты аркылуу катталса болот. Бул тууралуу Зина Кабылбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага катышуу баасы чоңдор үчүн 1000 сом, ал эми төрт жаштан 12 жашка чейинки балдарга 200 сомдон.

"Спорт — ден соолуктун мүлкү деген ураан менен биз бул марафонду 2016-жылдан бери өткөрүп келебиз. Жыл сайын катышуучулардын катары калыңдап келе жатат. Быйыл да аталган иш-чара 7-октябрда өтмөкчү. Катышууну каалагандардын баары биздин сайт аркылуу катталса болот. Катышуу акысы чоңдор үчүн 1000 сом. Ал акчага ар бир катышуучуга медаль жасалып, номерлүү чиптер тагылат. Максатыбыз — элди сергек жашоого үндөп, адамдар ортосундагы достук мамилени чыңдоо", — деди Кабылбек кызы.

Ал катышууну каалагандар 6-октябрга чейин катталышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0