Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагынбаева: варикоз өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековДермокосметолог Айнура Сагынбаева
Дермокосметолог Айнура Сагынбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дермокосметолог Айнура Сагынбаева дүйнөдө ар бир үчүнчү аял варикоз оорусу менен жабыркарын айтты.
Сагынбаева: варикоз өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн

Варикоз өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн. Негизи эле кан тамыр оорулары кооптуу дарттарга кирет. Мындай пикирин Айнура Сагынбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, варикоз менен көбүнчө айыл жеринде жашаган кыз-келиндер жабыркайт.

"Варикоз — дүйнөгө кенен тараган илдет. Туруп иштеген кесип ээлеринин арасында көп кездешет. Оор жүк көтөргөндөрдө болушу мүмкүн. Алардын ичинен да аялзаты бул дартка эркектерге караганда көп чалдыгат. Бул алардын төрөп түшкөндөн кийинки организминдеги гормондук өзгөрүүлөргө байланыштуу. Варикоздун алдын алуу үчүн жылына эки ирет дарыгерге көрүнүп, текшертип туруу зарыл. Эгер жаңыдан башталып жатканы билинсе дароо дарылаш керек. Оору өтүшүп кеткенде өлүмгө чейин алып келүү коркунучу бар. Анткени уюп калган кан жалпы кан айлануу системасын жабыркатат", — деди Сагынбаева.

Ал учурда варикозду лазердик күйгүзүү жолу менен операция кылуу Кыргызстанда да колго алынганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0