Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Максутов: Көчмөндөр оюндары дүйнөнү кыдырып чыгышы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный режиссер III Всемирных игр кочевников Алтынбек Максутов
Главный режиссер III Всемирных игр кочевников Алтынбек Максутов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов аталган иш-чара Кыргызстанга туристтердин агылышына шарт түзгөнүн айтты.

Көчмөндөр оюндары кайсы өлкөдө өтпөсүн Кыргызстандын бренди бойдон калат. Бул тууралуу Алтынбек Максутов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Максутов: Көчмөндөр оюндары дүйнөнү кыдырып чыгышы керек

Анын айтымында, Көчмөндөр оюндарынын башка өлкөгө өткөрүлүп берилгендиги жада калса чет элдиктердин да ичин ачыштырган.

"Мага чет мамлекеттен келген өкүлдөр, айрыкча Россиянын жарандары "ушундай чоң иш-чараны даярдап анан башка өлкөгө өткөрүп берип жатканыңарга ичибиз ачышып жатат. Оюндар Кыргызстандын брэнди болуп калды эле" деген ойлорун билдиришти. Бирок Көчмөндөр оюндары кайсы өлкөдө өтпөсүн Кыргызстандын бренди бойдон калат деп ойлойм. Дүйнөлүк оюндар болгондон кийин дүйнөнү кыдырып чыгышы керек", — деди Максутов.

Ал Көчмөндөр оюндарын сахналаштырууга үч ай даярдык көрүлгөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0