Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдраев: жеңил өнөр жайы өнүгүп жатат дегенибиз менен бир чоң көйгөй бар

Жазылуу
Ишкер Алмаз Абдраев жергиликтүү жеңил өнөр жай тармагынын келечеги кең деген пикирин айтты.
Абдраев: жеңил өнөр жайы өнүгүп жатат дегенибиз менен бир чоң көйгөй бар

Жеңил өнөр жайы өнүгүп жатат дегенибиз менен бир чоң көйгөй бар. Ал — сырье маселеси. Бул тууралуу Алмаз Абдраев Кыргыз-орус бизнес форуму учурунда Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кездеме чыгаруу үчүн Кыргызстан жипти Өзбекстандан сатып алууга мажбур.

"Жеңил өнөр жайы тармагында бир чоң маселе бар. Биз сырьедон көз карандыбыз. Кандай гана кездеме чыгарбайлы, жипти коңшу Өзбекстандан сатып алабыз. Эгер бул маселе чечилсе бул багытта өлкөбүз дагы бир топ алдыга жылмак. Биз Ош, Жалал-Абад облустарында өстүрүлгөн пахталардын көлөмүн көбөйтүп, аны пахта боюнча сатпай, кайра ишететип чыгарышыбыз керек", — деди Абдарев.

Ал учурда бул багытка өкмөт тарабынан көңүл бурулуп, ишкерлер сунуштаган долбоорлор каралып жатканын кошумчалады..

Жаңылыктар түрмөгү
0