Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асрандиев: Кыргыз-орус бизнес форумун жыл сайын өткөрүүнү ойлонуудабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун жетекчиси Эркин Асрандиев. Архив
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун жетекчиси Эркин Асрандиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун жетекчиси Эркин Асрандиев борбор калаада өткөрүлгөн эки тараптуу алгачкы бизнес форумга 200гө чукул ири компания катышкандыгын айтты.
Асрандиев: Кыргыз-орус бизнес форумун жыл сайын өткөрүүнү ойлонуудабыз

Кыргыз-орус бизнес форуму быйыл алгачкы жолу өткөрүлдү. Мындан ары жыл сайын уюштурууну пландап жатабыз. Мындай пикирин Эркин Асрандиев аталган иш-чара учурунда Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, форумдун башкы максаты өлкөгө инвестиция тартуу жана жергиликтүү ишкерлер менен Россиялык ишкерлердин алакасын күчөтүү болду.

"Кыргыз-орус бизнес форуму төрт тармакта уюштурулду. Жеңил өнөр жайы, туризм, машина куруу жана айыл-чарбасы. Аталган тармактар боюнча Россиядан 70 компания чакырылса, анын 50-60ы катышууда. Ал эми жергиликтүү компаниялардан 130у чакырылган, баары форумга келишти. Бул иш-чараны уюштуруубуздун башкы максаты эки тараптын ишкерлеринин алакасын күчөтүү, өзгөчө айыл чарбасында тиешелүү адистер, окумуштуулар менен байланыш түзүү жана Кыргызстанга инвестиция тартуу болду. Аталган форумду жыл сайын өткөрүүнү пландап жатабыз", — деди Асрандиев.

Ал кийинки жылдары форумду мындан да ири масштабда уюштурууну карап чыгышарын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарында алгачкы жолу Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган эки күндүк бизнес форум өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0