04:58 24 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Абдесова: Twitter баракчасында worldnomadgames хештеги биринчиликти алды

Радио
Кыскача шилтеме алуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
80 0 0

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова аталган иш-чарада 1000ден ашык боз үй жана 16 ордо тургузулганын айтты.

Twitter баракчасында Көчмөндөр оюндары #worldnomadgames деген хештег менен белгиленген посттор алдыңкы сапка чыгып, АКШ элчилиги мындай хештегтердин биринчи орун алышы менен расмий куттуктады. Бул тууралуу Айжан Абдесова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чет элдик коноктордун басымдуу бөлүгү аталган социалдык тармакты активдүү колдонуп, өздөрүнүн эмоцияларын хештег менен бөлүшкөн.

"Мындай ийгиликке жетип, албетте, кубанып турабыз. Биз үчүн абдан жагымдуу жаңылык болду. Мындан сырткары, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарынын расмий баракчасына биз тааныбаган эле коноктордон иш-чара кызыктуу жана жогорку деңгээлде өткөндүгү тууралуу сүрөт, каттар келүүдө. Алар бир гана оюндар тууралуу эмес, Кыргызстан жана анын эли боюнча да жагымдуу пикирлерин жазып жиберип жатат. Иш-чара беш жерде өтүп, чыныгы көчмөндөрдүн жашоосун көрсөтүп бердик. 1000ден ашуун боз үй тигилип, 16 ордо тургузулду. Ошондой эле этно базар да көрүүчүлөрдүн көп жүргөн жерине айланды", — деди Абдесова.

Ал Көчмөндөр оюндарына жалпы 82 мамлекет катышканын кошумчалады. 

Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)

Тема боюнча

Көчмөндөр оюндарынан кийинки ойлор. Уюштуруучулар өздөрү эмне дейт?
Көчмөндөрдүн улуу балбаны аныкталып, 1 млн. сом жана аргымак тартууланды
Көчмөндөр оюну — ири мелдеш эмес! Казакстандын федерациясы улакчылары тууралуу
Белгилер:
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Twitter
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ