Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бегилерова: үй сатып аларда Каттоо кызматынан текшертип алгыла

© Sputnik / Табылды КадырбековАдвокаттар кеңешинин мүчөсү Мейил Бегилерова. Архивное фото
Адвокаттар кеңешинин мүчөсү Мейил Бегилерова. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адвокаттар кеңешинин мүчөсү Мейил Бегилерова кыймылсыз мүлк сатып алаарда сөзсүз Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып, документтерин текшерип алуу керектигин айтты.
Бегилерова: үй сатып аларда Каттоо кызматынан текшертип алгыла

Учурда үй сатып аларда алданып калган жарандар көп болууда. Бул тууралуу Мейил Бегилерова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, там сатып аларда Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылса, ошол үй тууралуу бардык маалыматтар чыгат.

"Кыймылсыз мүлк сатып алууда алданып калбаш үчүн алгач Мамлекеттик каттоо органына сурам жөнөтүп, маалымат алса болот. Мындай кызмат 180 сомдун тегерегинде турат. Тиешелүү акчаны төлөп, ошол алып жаткан үй тууралуу качан курулганынан баштап бардык маалыматка ээ болсоңуз болот. Ошондой эле мыйзам боюнча сатып алуудагы оозеки сүйлөшүүлөр да эсепке алынат, бирок бардык документ иштерин нотариус аркылуу жүргүзгөн жакшы", — деди Бегилерова.

Ал ошондой эле батирди ижарага берүүдө жана алууда нотариус аркылуу келишим түзүү коопсуз болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0