Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исакова: орус класстарда айрым предметтер боюнча мугалимдер жетишсиз

© Sputnik / Асель АкматалиеваГлавный специалист Управления образования мэрии Бишкека Чынара Исакова
Главный специалист Управления образования мэрии Бишкека Чынара Исакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова борбор калаадагы мектептердин кыргыз класстарында бардык мугалимдер бар экендигин айтты.
Исакова: орус класстарда айрым предметтер боюнча мугалимдер жетишсиз

Бишкектеги мектептердин орус класстарында айрым сабактар боюнча мугалимдер жетишсиз. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, орус тилдүү мектептерде математика, химия, башталгыч класстардын мугалимдери, ошондой эле чийүү жана эмгек сабактарынан берген окутуучулардын таңкыстыгы байкалат.

"Быйылкы окуу жылына карата бардык эле мугалимдер жетиштүү деп айтсак болот. Өзгөчө кыргыз тилдүү мектептерде бул көйгөй жок. Шаарыбыздагы орус тилдүү мектептердин айрымдарында гана математика, химия мугалимдеринин, чийүү, эмгек сабактарынын окутуучуларынын жетишсиздиги аныкталды. Бул багытта учурда иштер жүрүп жатат. Жаш кадрларды тартуу боюнча аракеттер көрүлүүдө", — деди Исакова.

Ал ошондой эле башталгыч класстарга окуучулар көп болуп жаткандыктан, бул тармакта да мугалимдердин аздыгы байкалганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0