Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аманбаева: жаштар кызыккан тармагы боюнча иштеш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель программ IDEA в Центральной Азии Дарика Аманбаева
Руководитель программ IDEA в Центральной Азии Дарика Аманбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук Азиядагы IDEAнын программалар жетекчиси Дарика Аманбаева жаштар шыгы бар тармакта иш алып барса жакшы жыйынтык болорун айтты.
Аманбаева: жаштар кызыккан тармагы боюнча иштеш керек

Жаштар кызыккан тармагы боюнча иш алып баруусу керек. Бул тууралуу Дарика Аманбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ар бир жаран кесип тандоодо башкалардын пикиринен өзүнүн кызыгуусун жогору коюшу зарыл.

"Жаштар бир тармак боюнча иш алып барууну кааласа, биринчи кезекте ошол нерсеге кызыгып, шыктуу болуш керек. "Апам бул ишти жаса деди, байкем ушул кесип боюнча иште деди" деп жакындарынын ою менен кесип тандап алган жаштар аз эмес. Жыйынтыгында өзүнүн каалоосун да орундата албай, иштеп жүргөн мекемеге да пайда келтире албай жүрөт. Ошондуктан ар ким кызыккан тармагы боюнча иш алып барса натыйжалуу болот", — деди Аманбаева.

Ал анализ жүгүртө билген жаштар жашоодон ордун татыктуу таба аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0