08:31 16 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR78.8821
  • RUB1.0512
Улуттук Госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Бакыт Төлөгөнов. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Төлөгөнов: аймактардан борбордук ооруканага жолдомо менен кайрылуу керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
18 0 0

Улуттук Госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Бакыт Төлөгөнов жарандарды медициналык жактан тейлөөдө ички миграция кыйынчылыктарды жаратып жаткандыгын айтты.

Аймактардан борбордук ооруканага сөзсүз жолдомо менен кайрылуу керек. Ошондо капчыкка да күч келбейт. Бул тууралуу Бакыт Төлөгөнов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарандар жер которгондо өздөрүнүн медициналык карточкасын алып, убактылуу болсо дагы жашаган жериндеги поликлиникага каттоого туруусу керек.

"Бул көйгөйгө биз эле эмес, борбор калаадагы бардык ооруканалар туш болуп жатат болуш керек. Ички миграциянын кескин өсүп кеткендигине байланыштуу биз мурда жылына 60-70 миң бейтапты кабыл алсак, азыр 120 миңге чукул адамды тейлеп жатабыз. Албетте, бул өз учурунда кайра эле келип жарандарга кыйынчылык жаратууда. Ошондуктан жарандар убактылуу жашаган жеринде да каттоого туруп, алгач жергиликтүү ооруканага кайрылып, бизге жолдомо аркылуу келишсе. Аймактардан келгенде деле так ушул тартипти сакташса алардын капчыгына да күч келмек эмес. Анткени, бейтапты көрүү, медициналык кеңеш берүү, баштапкы анализдерди да борбордон жасатып, акча төлөөгө мажбур болушууда", — деди Төлөгөнов.

Ал Улуттук госпиталдын дартты аныктоо жана консультация берүү бөлүмүндө дарыгерлер 19 багыт боюнча кабыл аларын кошумчалады.

Тема боюнча

Каримова: мезгил алмашканда иммунитет алсырай түшөт
Монолов: каражат көйгөйүнөн улам Кыргызстанда бөйрөк алмаштырылбайт
Белгилер:
жолдомо, миграция, Улуттук Госпиталь, Бакыт Төлөгөнов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ