Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Байымбетов: музыкалык көп жанрлар өнүкпөй калды

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель проекта "Нарк" Айбек Байымбетов
Руководитель проекта Нарк Айбек Байымбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз кайрык" долбоорунун жетекчиси Айбек Байымбетов кыргыз музыкасынын абалы оорлоп баратканын айтты.
Байымбетов: музыкалык көп жанрлар өнүкпөй калды

Кыргыз музыкасындагы көп жанрлар өнүкпөй калды. Мындай пикирин Айбек Байымбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тизменин сап башында кошок жана дастанчылык өнөрлөрү турат.

"Кошок — өзүнчө музыкалык жанр. Анын өзүнүн орду бар. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө кошок менен дастанчылык өнөрлөрүнө жетиштүү көңүл бурулбай, абалы солгундап келе жатат. Аталган музыкалык жанрларды сактап калып, өркүндөтүшүбүз шарт. Кыргыз музыкаларынын абалы учурда оор. Бул жаатта бизди олуттуу иштер күтүп жатат", — деди ал.

Байымбетов улуттук баалуулуктарды жашоодо да пайдаланууга чакырып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0