Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кошоев: Кыргызстанда ишкерлик кылуу оңой деген бекер кеп

© Sputnik / Табылды КадырбековЭркин экономикалык аймак бирикмесинин төрагасы Данияр Кошоев
Эркин экономикалык аймак бирикмесинин төрагасы Данияр Кошоев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркин экономикалык аймак бирикмесинин төрагасы Данияр Кошоев ишкерлер мыйзамдардын чар жайыттыгынан көп жапа чегип келишерин айтты.
Кошоев: Кыргызстанда ишкерлик кылуу оңой деген бекер кеп

Кыргызстанда ишкерлик кылуу оңой, мыйзамдар жеңилдетилген деген болбогон кеп. Мындай пикирин Данияр Кошоев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бизнес жаатында өлкө аймагында бири-бирине карама каршы келген мыйзамдар абдан көп.

"Мисалы бир ишкер өзүнүн бизнесин ачып иштей баштайт. Бардык документтерин мыйзам чегинде даярдайт. Анан бир күнү Салык кызматынан келип туруп эле "бул жерде момундай мүчүлүштүк кетириптирсиз", "ачылгандан бери тигиге төлөбөптүрсүз", "буга төлөбөптүрсүз" деп айып пул салып кетип калат. Ошону башында документтерди бүтүрүп жатканда, ишкер тактап жүргөндө түшүндүрүп коюшса болот да. Юристтер бизде ишкерлик мыйзамдары жеңилдетилген дешет, бирок мунун баары кагаз жүзүндө гана", — деди Кошоев.

Ал эгер мыйзамдар тез арада жолго салынбаса, өлкө ири инвесторлорунан ажырап калуу коркунучу бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0