Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Монолов: каражат көйгөйүнөн улам Кыргызстанда бөйрөк алмаштырылбайт

© Sputnik / Максат ЭлебесовНачальник отдела международных отношений национального госпиталя, уролог Нурбек Монолов
Начальник отдела международных отношений национального госпиталя, уролог Нурбек Монолов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, уролог Нурбек Монолов органдарды трансплантациялоодо Кыргызстан үчүн каражат маселеси көйгөй жаратарын айтты.
Монолов: каражат көйгөйүнөн улам Кыргызстанда бөйрөк алмаштырылбайт

Орган алмаштыруунун өзү кыйын иш эмес. Мисалы бөйрөк алмаштыргандан кийин бейтап ай сайын орто эсеп менен 1000 долларга дары алып туруусу керек болот. Бул тууралуу Нурбек Монолов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, операцияга чейинки изилдөөлөрдү жүргүзүүчү лабораторияларга да каражат көп кетет.

"Биздин дарыгерлер эмнеге органдарга трансплантация жасашпайт деп сурашат. Мисалы бөйрөктү алмаштырып коюу эч кыйынчылык жаратпайт, бирок андан соң кымбат дарылар керек. Бейтап ай сайын орто эсеп менен 1000 долларга чейин дары сатып алууга аргасыз болот. Операцияга чейин анализ алуучу жайлар жоктугунан, эң жакыны Казакстан, Россияга барышууда. Эгер мамлекет ушул маселелерди чечип берсе, биздин дарыгерлер бөйрөк алмаштырууга даяр", — деди Монолов.

Ал жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү аткаминерлерге саясий эрк жетишпей жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0