Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ташматов: арзандатуу учурунда алган кийимди кайра кайтарса болот

© Sputnik / Асель АкматалиеваВедущий специалист государственного агентства антимонопольного регулирования Улан Ташматов
Ведущий специалист государственного агентства антимонопольного регулирования Улан Ташматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө караштуу Монополияга каршы кызматынын жетектөөчү адиси Улан Ташматов дүкөндөрдө "сатылган товар кайра алынбайт" деп жазып коюу мыйзамга туура келбесин айтты.
Ташматов: арзандатуу учурунда алган кийимди кайра кайтарса болот

Арзандатуу учурунда алган кийим эгер жакпай же туура келбей калса кайра кайтарып берсе болот. Бул тууралуу Улан Ташматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөткө караштуу Монополияга каршы күрөшүү кызматынын сайтында көрсөтүлгөн мыйзамда сатуучунун да, кардардын да укук, милдеттери кенен жазылган.

"Учурда өлкө аймагында популярдуу көрүнүш товарларга сезондук арзандатуу. Мисалы жайкы кийимдерди күз башталаары менен арзан сатып башташат. Ошол эле учурда дүкөн ээлери сатылган товар кайра кайтарылса алынбайт дешет. Бул туура эмес. Мында керектөөчүнүн укугу бузулуп жатат. Эгер алынган товар кардарга жакпай же туура келбей калса акчасын 14 күндүн ичинде кайра кайтарып алууга толук укуктуу. Болгону жанында товарды ошол жерден алганын тастыктаган чек болуусу зарыл жана алынган буюмга зыян келтирилбеген болуш керек", — деди Ташматов.

Ал ошондой эле товар алып, сатуудагы мыйзамдар кардардын гана укугун коргоо эмес, сатуучу менен керектөөчүнүн ортосундагы мамилени жакшыртуу максатын көздөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0