Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тентимишов: ашпозчулар жумушсуз калбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент фонда "Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы" Элдияр Тентимишов
Президент фонда Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы Элдияр Тентимишов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы" коомдук фондусунун президенти Элдияр Тентимишов кыргыз ашпозчулары Кыргызстанда гана эмес чет өлкөдө да эмгектенип жатканын айтты.
Тентимишов: ашпозчулар жумушсуз калбайт

Азыркы учурда тамак жасоо курстарын бүтүргөн ашпозчуларга жумуш көп. Бул тууралуу Элдияр Тентимишов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз ашпозчулары Россия, Дубай, Япония, Италия сыяктуу өлкөлөрдө өзгөчө тамактарды жасап, иштеп келет.

"Кыргыз эли тойго жакын калк эмеспи. Той өткөрүү үчүн ресторан, ресторанга болсо тамакты мыкты жасаган ашпозчулар керек болот. Бир ресторанда эле жок дегенде 10го жакын ашпозчу эмгектенет. Азыркы кезде тамакты катыра жасагандар жумушсуз калбайт. Алар бир гана Кыргызстанда гана эмес Италия, Япония, Россия, Дубай сыяктуу бир катар өлкөлөрдө да дүйнөлүк даамдарды даярдап келишүүдө", — деди Тентимишов.

Ал кыргыз ашпозчуларынын басымдуу бөлүгү Москва шаарында эмгектенип келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0